Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунунун мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди актаган өкүмүн күчүндө калтырды. Шаардык сот мындай чечимди 16-декабрда чыгарганын Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.
Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.
Прокуратура райондук сотто Молдомуса Конгантиевди алты жылга камап, 100 миң сом айып салууну суранган. Мамлекеттик айыптоочулар шаардык сотто Конгантиевге ушундай эле жаза берүүнү өтүнүшкөн. Жактоочу тарап анын күнөөсүз экенин айтып, актоону суранган.
Конгантиевдин 2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан. Бул чечим коомчулукта сынга кабылгандан кийин президент Башкы прокуратурага ишти иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырган. (BTo)