Пакистанда балдардын шал оорусуна каршы беш күндүк өнөктүк башталды. Быйыл бул кооптуу жугуштуу илдетке 100дөн көп киши чалдыкты. 16-декабрдан тартып он миңдеген киши үймө-үй кыдырып 5 жашка толо элек 39 миллиондон ашык баланы эмдөөгө катышмакчы.
План боюнча чыгыштагы Панжаб провинциясында 19 миллиондон ашуун бала эмделет. Өнөктүктүн алдында Саламаттык сактоо министрлиги Хайбер Пахтунхва жана Панжаб чөлкөмдөрүндө үч ымыркай ооруга чалдыкканын кабарлады.
Пакистан балдардын шал оорусу кеңири жайылган өлкөлөрдүн бири бойдон кала берүүдө. 2014-жылы илдет 306 жеткинчекте аныкталган. Бирок кийинки жылдары кескин азайып, 2017-жылы сегиз кишиге жеткен. Быйыл болсо оору кайрадан күч алды. Бул тенденцияны ата-энелердин эмдөөдөн баш тартышы менен байланыштырышат.
Талиб согушкерлери буга чейин эмдөөгө катышкан медиктерди жана аларды кайтарган полиция кызматкерлерин бутага алып, бир нечесин өлтүрүп кетишкен. Алар "Батыш пакистандык балдарды тукумсуз кылуу үчүн эмдешет" деп үгүт жүргүзүп келишет.