Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:54

Кара-Суу: өрт чыккан мектептин спорт залы оңдолуп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-декабрда Кара-Суу районундагы №73 Токтогул атындагы мектептин спорт залында өрт чыккан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Жанышбек Омошов билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт электр жылыткычтан чыккан. Өрт өчүргүчтөр келгенче спорт залдын 20 чарчы метр өрттөнүп, дагы 10 чарчы метрдей аянт жараксыз абалга келген. Кырсык дем алыш күндөрү болгондуктан эч ким жабыркаган эмес.

Жанышбек Омошовдун айтымында, кырсык болгон мектепке айыл өкмөт башчысы барып, учурда спорт зал кайрадан оңдолуп жатат. (MdN)

XS
SM
MD
LG