Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Режиссер Болот Шамшиевдин абалы оор


Болот Шамшиев.
Болот Шамшиев.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер жана актер Болот Шамшиевдин абалы оор деп бааланууда. Бул маалыматты президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк ырастады. Анын маалыматы боюнча, Шамшиев ооруканага ноябрь айынын аяк ченинде жаткырылган. Учурда реанимацияда жатат.

- Башында абалы оор болчу. Бир жума мурун бир аз жакшы болуп калган. Азыр кайра оорлошуп кетти. Ден соолугу бир калыпта болбой жатат.

Кыргызстандын жана СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев 78 жашта. Ал тарткан «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар» жана башка көркөм тасмалар калың элге кеңири белгилүү. (BTo)

XS
SM
MD
LG