Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Хабаровскидеги окуя боюнча кылмыш иши козголду


Хабаровскидеги ур-токмокко кабылган мигрант.
Хабаровскидеги ур-токмокко кабылган мигрант.

Орусиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулардын сабалганы боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган учурда билдирген. Кеңешчи Тышкы иштер министрлигине 16-декабрда чакыртылган. ​

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык айдоочулардын орусиялык тартип коргоочулар тарабынан сабалганына байланыштуу нааразылыгын билдирип, Кыргызстандын жарандарына кызмат абалынан пайдаланып күч колдонуп, мыйзамга каршы мамиле кылган окуяны сынга алды. Кыргыз тарап буга байланыштуу ишти калыс иликтөөнү камсыз кылууну жана кыргызстандыктарды ур-токмокко алгандарга катуу чараларды көрүүгө чакырды.

Хабаровскиде иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганын айтып арызданышкан. «Азаттыкка» кайрылгандар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алганын билдиришкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG