17-декабрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6;
Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5;
Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;
Ошто, Жалал-Абад жана Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -6…-11 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-9°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° болот.