Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Парламент комитетинде Бекназаровдун элчиликке талапкерлиги каралат


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде 17-декабрда Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан.

Бекназаров баштаган Элдик курултай кыймылынын мүчөлөрү акыркы жылдары бийликти конституциялык реформага жасоого чакырып, шайлоо системасын өзгөртүүгө үндөп, иштетилип жаткан кендерде өлкөнүн үлүшү сөзсүз болушу керек деген талаптарды коюп келет.

Элчилик кызматка байланыштуу Бекназаров комментарий бергенде "элчи болуп кетер-кетпеси президент менен жолугушкан соң чечилерин" билдирген болчу.

Мамлекет башчынын администрациясы бул маселеде үн ката элек.

XS
SM
MD
LG