Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.
Тажикстан менен Кыргызстандын желектери.

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кабарлап, жаңжалдашкан кишилер тарап кеткенин билдирди. Тажикстандан бул жаатта расмий маалымат айтыла элек.

16-декабрда Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмо орнотуп жатканы маалымдалган. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Окуя болгон аймакта Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү, кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары жолугушту.

Кыргыз тарап чек араны делимитация жана демаркация иштери бүтмөйүнчө тактала элек аймакка кандай гана курулуш иштери болбосун жүргүзүлбөшү керек деген талапты коюшту.

16-сентябрда Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде эки тарап жаңжалдашып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.

Кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Тажикстан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG