Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Ачык өкмөт өнөктөштүгүнө арналган форум болот


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Өкмөт үйүндө 17-декабрда Ачык өкмөт өнөктөштүгү долбооруна арналган форум өтөт. Бул ушул долбоордун алкагындагы жетинчи жыйын экени расмий кабарланды.

2020-жылга чейин ишке ашыруу пландалган Ачык өкмөт долбооруна ылайык, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы онлайн болушу кажет. Эл аралык уюмдардын колдоосунда ишке ашырылчу бул долбоор 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын бир бөлүгү катары айтылып келатат.

BBC радиосунун маалыматына караганда, 2011-жылы Бразилия, Индонезия, Мексика, Норвегия, Филиппин, Түштүк Африка, Улуу Британия жана Кошмо Штаттар баштаган өлкөлөр “Ачык өкмөт” декларациясын кабыл алган. Учурда 75 өлкө мүчө. Кыргызстан бул өнөктөштүккө 2017-жылы ноябрда мүчө болгон.

"Ачык өкмөттүн" шарттарына ылайык, бийлик жарандардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бюрократия менен коррупцияны азайтуу үчүн жаңы технологияларды колдонушу керек. (SE)

XS
SM
MD
LG