Мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналдын калган иштерин караган Гаагадагы сот босниялык серб армиясынын согуш маалындагы командачысы Ратко Младичтин апелляциялык арызын 17-18-март күндөрү карамай болду. Судьялар бул чечимин 16-декабрда жарыялашты.
“Босниянын касапчысы” деген атка конгон 77 жаштагы Младич Сребреница шаарчасындагы геноцид, Босния-Герцеговинадагы босниялык мусулмандар менен хорваттарды өлтүрүү, Сараевону камоолго алуу, БУУнун коргоо бөлүктөрүнүн аскерлерин барымтага алуу үчүн 2017-жылы өмүр бою кесилген. Ал окуялар 1992-95-жылдары болгон.
Младич күнөөсүн моюнга албай келатат жана былтыр апелляция берген. 2005-жылы Улуттар Уюмунун ошол кездеги баш катчысы Кофи Аннан Сребреницадагы 8 миң мусулман эркек менен өспүрүмдөрдүн өлтүрүлүшүн Европа аймагында Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин болгон эң чоң кылмыш деп атаган.
Младич 2011-жылдын май айында кармалган.