Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Сталиндин сүрөтү тартылган шоколад сатыктан алынды


Воронеж шаарындагы билборд
Воронеж шаарындагы билборд

Санкт-Петербургдагы орус музейи анын аймагындагы кафеден сыртына Иосиф Сталиндин сүрөтү тартылган шоколадды сатыктан алып салды. Маалыматка караганда, бул кардарлардын нааразылыгынан улам жасалды. Адегенде "Фейсбук" колдонуучуларынын бири кофе менен кошо Сталин деген шоколад берилерин жазып, анын постун 400дөн көп киши бөлүшкөн. Бир күндөн кийин музейдин басма сөз кызматы шоколад сатыктан алынганын маалымдап, товарды кафени ижарага алгандар заказ кылганын, музей жетекчилиги менен макулдашылбаганын белгиледи.

Акыркы айларда Орусиянын бир нече жеринде Сталиндин эстеликтери ачылды. Айрым мамлекеттик маалымат каражаттары жана аткаминерлер аны нацисттик Германиянын үстүнөн жеңишке алып келген «мыкты жетекчи» деп сыпатташкан. Мунун бардыгы Кремлдин советтик доорду даңазалоо аракеттеринин бири катары каралууда. Сталиндин учурунда миллиондогон киши атууга кеткен, Сибирдеги лагерлерге айдалган же коллективдештирүү маалында ачарчылыктан көз жумган.

XS
SM
MD
LG