Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Жалал-Абадда жаңы газ кени ачылды


Майлуу-Суу 4 кен аймагындагы бургулоо иштери.
Майлуу-Суу 4 кен аймагындагы бургулоо иштери.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Кыргызмунайгаз” ишканасы Майлуу-Суу-4 кен аймагынан жаңы газ корун ачты. Аталган мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, сентябрь айынан тартып 2040 метр тереңдикте бургулоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда бул аймактан суткасына 7 миң метр куб газ чыгып жатат. Бургулоо жумуштары толук аяктаганда газдын көлөмү көбөйөт - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 1970-жылдардан бери табигый газды өндүрүү, бургулоо жумуштары аткарылган эмес.

Аталган ишкана мындан сырткары жаңы Избаскент-Алаш мунай кенин ачуу алдында турат.

Маалыматка ылайык 1940-жылы Майлуу-Суу-4, 1944-жылы Избаскент, 1946-жылы Чыгыш Избаскент кендери ачылган. Ал эми 1952-жылы өлкөдө «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газдын коруна ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар.

Расмий маалыматка караганда, аталган ишкана быйыл 9 ай ичинде 97 миң тонна мунай өндүргөн. Жыл аягына чейин аны 140 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Ал жерде 2 миңге чукул киши иштейт. (RsK)

XS
SM
MD
LG