Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Ала-Буканын айрым айылдарында кыргыз каналдары тартпай жатат


Кош-Болот айылындагы үй-бүлөлөрдүн бири.
Кош-Болот айылындагы үй-бүлөлөрдүн бири.

Райондун Кош-Болот айылында жакынкы эки айдан бери кыргыз телекөрсөтүүлөрү көрсөтпөй жатканын жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна билдиришти. Учурда айылдыктар Өзбекстандын жана Орусиянын гана каналдарын көрүп жатканын айтышууда.

- Өзбекстандын 20га чукул каналы тартат. Балдар азыр такай өзбек тилиндеги мультфильм жана кинотасмаларды көрүп, тилдери бурула баштады. Телевизордон бат-баттан каналдарды издегенибиз менен кыргыз каналдары тартпай жатат, – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Кош-Болот айылынын башчысы Сейитбек Шабданов да кыргыз каналдарын көрүү акыркы учурда кыйын болуп жатканын кошумчалады.

- Айылдын борборунда Кыргызстандын жети-сегиз каналы тартат. Бирок соңку кездери толкун жакшы кармабай, улам жоголуп кетүүдө. Ошол себептен айылдыктардын айтып жатканы туура маселе, – деди Шабданов.

Кош-Болот айылында 1100дөн ашык адам жашайт. Ала-Бука районуна караган айыл Өзбекстандын Чуст району менен чектешет. (RsK)

XS
SM
MD
LG