Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

«Акнет» боюнча иш сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Акнет» ишканасынын президенти Кубан Ажимудиновго козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Ажимудинов 150 млн. сом салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталганын кабарлаган.

Ишти Ички иштер министрлиги (ИИМ) иликтеп чыгып жыйынтыгында «Акнеттин» жетекчиси андан тышкары 616 млн. 816 миң сом салыктан качканы боюнча кошумча факты аныкталганын жарыялаган.

384 млн. 901 миң сом кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысы ачыкка чыканын билдирген.

ИИМдин маалыматына караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

«Акнет» компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажимудинов, Аскар Кутанов жана Руслан Абдумажитов деген жарандар катталган. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Абдумажитов менен президент Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик бар экени ачыкка чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG