Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Бекназаровдун элчиликке талапкерлиги жабык каралып жатат


Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында. 17-декабрь, 2019-жыл.
Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында. 17-декабрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлиги жабык каралып жатат. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргендей, ага чейинки маселелерди кароо ачык болгон. Учурда жыйындан журналисттер чыгарылды.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан.

Ал 7-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, президент менен такташып алчу негизги эки маселе бар экенин айткан. Алар - Элдик курултай кыймылы сунуш кылып жаткан конституциялык реформага баруу жана Кыргызстандагы кендердин ишин тартипке салуу.

Бекназаров бул эки маселе боюнча Сооронбай Жээнбеков менен тил табыша алса Малайзияга элчи болуп кетүүгө макул экенин, эгерде иш Элдик курултай ойлогондой болбосо кызматтан баш тартарын билдирген.

Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG