Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

ЖК комитети Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлигин жактырды

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчиликке талапкерлигин жактырды. Жабык өткөн жыйында анын талапкерлигине 12 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болору жөнүндө кабар октябрдын башында чыккан. Өзү муну бышыктап, кызматты президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын айткан. Мамлекет башчынын администрациясы бул маселеде үн ката элек.

Азимбек Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG