Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Инсультту алдын алууга багытталган акция болду


Иш-чаранын уюштуруучулары тарткан сүрөт.
Иш-чаранын уюштуруучулары тарткан сүрөт.

Сауд Арабиясынын Дархан шаарында кыргызстандык Гүлжамал Шерипканованын балдары Жонатан жана Акылайдын демилгеси менен инсультту алдын алуу үчүн каражат чогултууга багытталган кайрымдуулук жармаңкеси болду.

Гүлжамал Шерипканованын апасы 2019-жылы октябрда Бишкектеги Улуттук госпиталда инсульттан көз жумган.

Иш-чарада балдар жасаган кол эмгек, жаңы жылдык белектер сатылды. 2000 риал акча чогулду.

Каражаттын баарын Кыргызстандагы социалдык кызматкерлер ассоциациясына берилет.

Ошондой эле Грузиянын Сухуми шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкери Айнуска Шерипканова да жармаңке уюштуруп, чогулган 400 доллар каражатты Кыргызстандагы жогоруда аты аталган уюмга жиберди.

Кыргызстанда инсульт оорусу жылдан жылга жашарып, аны алдын алуу, дарылоо жетиштүү деңгээлде ишке ашпай жатканы айтылып келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG