Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Дүйнөдө быйыл 49 журналист кесибине байланыштуу каза тапты


“Чек арасыз кабарчылар” уюму үстүбүздөгү жылы дүйнө жүзүндө 49 журналист кесибине байланыштуу каза тапканын, 389у камалганын, 57си барымтага алынганын билдирди.

Парижде жайгашкан уюм жылдык баяндамасында өлгөн журналисттердин саны акыркы 16 жылдагы эң төмөн чекте экенин белгиледи. Буга чейин бир жылда орто эсеп менен 80 журналисттин өлүмү катталган. Уюмдун эсебинде, согуш аймактарында курман болгон кабарчылардын жана медианын башка кызматкерлеринин саны азайган.

Быйыл Сирияда 10, Ооганстанда – беш, Йеменде – эки журналист окуяларды чагылдырып жүргөн жеринен окко учкан. Былтыр куралдуу жаңжалдар зонасында 34 журналист набыт болгон.

Ал эми камалган журналисттердин 120сы Кытайга туура келет. Египетте 34, Сауди Арабияда 32 журналист түрмөгө түшкөн. Алардын 40 проценттен көбү социалдык тармактар аркылуу көз карандысыз маалымат таркатууну көздөгөн жарандык журналистиканын өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG