Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Саясий партиялар шайлоо мыйзамдарын талкуулап жатышат


Бишкекте өтүп жаткан жыйын. 17-декабрь, 2019-жыл.
Бишкекте өтүп жаткан жыйын. 17-декабрь, 2019-жыл.

Бишкекте 17-декабрда өтүп жаткан партиялардын форумунда Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү чегин 5 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын, коомчулук бардык партияларга ыңгайлуу, атаандаштыкты түзгөн мыйзам кабыл алуусуна жардам бериши керек экенин айтты.

Жыйынга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров, «Ак Шумкар» партиясынын жетекчиси Темир Сариев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана жарандык активисттер катышууда.

Форумда шайлоочулардын укугу жана талапкерлерге байланыштуу маселелер да талкууланып жатат. (TSh/BTo)

XS
SM
MD
LG