Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Текебаев: жаштар азыркы шайлоо системасына нааразы


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-декабрда Бишкекте өтүп жаткан форумда азыркы шайлоо системасына жаштар, коомчулук ишенбей калганын билдирди. Текебаев «азыр жаштар шайлоо системасын өзгөртүп, жөнөкөй жарандар депутат болууга шарт түзүүнү каалайт» деди.

Ал ошондой эле саясий партия түзүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү сунуш кылып, «айрым учурда оппозициялык партиялардын мүчөлөрү жетпейт экен деген шылтоо менен тоскоолдук болот» деди саясатчы. Андан тышкары партиялардын шайлоого блок түзүп барууга уруксат берүү керектигин да белгиледи.

Учурда «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партиялары жана жарандык активисттер шайлоо мыйзамдарын талкуулап жатат.

Буга чейин Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин 9 пайыздан 7, 5, 3 пайызга чейин түшүрүү сунушу айтылган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жетиге көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG