Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:08

Батукаевдин иши боюнча сот 19-декабрга жылды


Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Соттолуучу Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп, келбей калганына байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму 19-декабрга жылды.

Бул иште шек саналып жаткан мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаев да өзүн начар сезип жатканын билдирди.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (MiK)

XS
SM
MD
LG