Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясында жолдун боюна коюлган бомба жарылып, бери дегенде 10 адам өлдү.
Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахими жардыруу 17-декабрь күнү эртең менен Али Шер районунда болгонун билдирди.
Каза тапкандардын арасында жашы жетелек үч бала, эки аял жана беш эркек бар. Маалыматка караганда, алар Лугар аймагына бараткан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Рахими кол салуунун артында талибдер турушат деп айыптады. Согушкерлер азырынча комментарий жасаша элек.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы жайкын тургундар жабыркап жаткан “зомбулуктун болуп көрбөгөндөй деңгээлине терең камтамасын” билдирди. Миссия быйылкы жылдын 9 айында 2 563 киши өлгөнүн, 5,5 миңден көбү жараат алганын каттаган.