Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

"Boeing 737 MAX" өндүрүштөн алынат


"Boeing 737 MAX" жүргүнчү учактары өндүрүштөн 2020-жылдын башында алынат. Бул тууралуу концерн дүйшөмбүдө билдирди.

Лайнер чыгарыла баштагандан кийин тогуз ай ичинде эки авиакырсык болгонуна байланыштуу бул модель эксплуатациядан алынган.

"Boeing 737 MAX" учактары Индонезияда 2018-жылдын октябрь айында жана Эфиопияда быйыл майда кулап, 300дөй киши каза тапкан.

“Боинг” концерни жалпысынан тогуз миллиард доллар чыгымга учурады. Бул үлгүдөгү лайнерлердин токтотулушунан баарынан да кытайлык авиакомпаниялар жабыркашат. Алар концернден кенемте төлөтүп алууга аракеттенишерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG