Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:00

Пентагондун башчысы Ооганстандагы аскерлердин санын азайтууну каалайт


АКШ коргоо министри Марк Эспер

АКШнын коргоо министри Марк Эспер талиптер менен тынчтык келишими “түзүлүп же түзүлбөсө да” Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын кыскартууну кааларын 15-декабрда билдирди.

Буга чейин маалымат каражаттары президент Доналд Трамптын администрациясы америкалык жоокерлердин санын төрт миңге чейин азайтарын жыл аягына чейин жарыялышы мүмкүн экенин жазышкан.

Ошондой эле Эспер ооган өкмөтү менен “Талибан” кыймылынын ортосунда 18 жылдык согушка чекит коюуну көздөгөн тынчтык келишимине жетишилет деп үмүттөнөрүн айтты. Бир нече күн мурда АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Катардын баш калаасы Дохада “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөр жанданганын билдирген.

Учурда Ооганстанда 12-13 миңдей америкалык аскер бар. Ал тапта сенатор Линдси Грэм да Трамптын аскерлердин санын азайтуу ниети бардыгын Кабулга жасаган сапары маалында бышыктады.

XS
SM
MD
LG