Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Ош шаардык ооруканасынан кылмышка шектүү адам качып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү К.А. 17-декабрда Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнөн из жашырып кеткен.

Ал Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») боюнча шектүү катары кармалган. Ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда болгон.

- Учурда кандай жол менен качып кеткенин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзө баштады, - деп айтылат милициянын маалыматында.

30 жаштагы кылмышка шектүү дарыланып жаткан жеринен качып кеткенин Ош шаардык ооруканасынын жетекчилиги да тастыктады. (MdN)

XS
SM
MD
LG