Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:47

Мигранттар күнүнө карата Ошто ири эл аралык жармаңке өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик миграция комитети мигранттардын эл аралык күнүнө карата Ошто ири жармаңке уюштурууда.

18-декабрда Ош мамлекеттик университетинин имаратында дүйнөнүн 15 мамлекетинин фирмаларынын өкүлдөрү бош орундардын тизмесин жарыялап, баштапкы кабыл алуу иштери жүргүзүлөт. Анда 3000ден ашуун вакансия жарыяланары расмий кабарланды.

Ушул эле күнү Оштогу "Шанхай Сити" мейманканасында "Мигрант: кечээ, бүгүн, эртең" деген аталышта эл аралык форум болот. Бишкектеги "Smart отелде" мигранттардын абалын талкуулаган конференция уюштурулат.

Чет элдерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны миллиондон ашуун экени айтылат. Алардын эң көбү Орусияда.

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 1990-жылдын 18-декабрында мигранттардын укугун коргоо жөнүндө эл аралык конвенция кабыл алган. 2000-жылы 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү деп жарыяланган.

Эл аралык эмгек уюму 2018-жылдын этегинде дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны 164 миллионго жеткенин билдирген. Анын 68 миллиону аял. Эгер согуш болгон аймактардан качып, башка мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болгондорду кошсо, дүйнөдөгү мигранттардын саны 250 миллиондон ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG