Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Матраимовдордун туугандары тууралуу иликтөө жарыяланган сайттар иштебей калды


Factcheck.kg иликтөөсүндө көрсөтүлгөн сүрөт.
Factcheck.kg иликтөөсүндө көрсөтүлгөн сүрөт.

Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгарган Factcheck.kg сайтына хакердик чабуул жасалды. Бул тууралуу аталган сайттын редактору Болот Темиров билдирди.

17-декабрда Factcheck.kg сайты Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбат баа сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөдө Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталат.

Мисалы, Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жолтандабас базарда 4,5 млн сом экени көрсөтүлгөн. Ал эми Уулкан Тургунованын кол сааттарынын бири 2,6 млн сомго, бир көйнөгү 200 миң сомго барабар.

Иликтөөчүлөр өздөрү таап, талдай алган буюм-тайымдардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн сом тапканын гана көрсөткөн.

Factcheck.kg сайтынын Матраимовдордун туугандары тууралуу макаласын көчүрүп баскан Economist.kg да иштебей калды. Бул тууралуу аталган сайттын кызматкерлери "Азаттыкка" билдиришти. Алар муну чабуулдан же башка себептен улам болгонун азырынча биле электерин кошумчалашты.

Factcheck.kg сайтынын Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөөсүн "Kloop.kg" сайты да көчүрүп басты.

Райымбек Матраимов 1997-жылы бажыга кирип, 2015-2017-жылдары аталган кызматта төрага орун басары катары иштеген.

Буга чейинки “Азаттык”, OCCRP жана "Клооп" биргелешип жарыялаган иликтөөдө Матраимовдун жубайы Уулкан Тургуновага Дубайда жалпы баасы 12,5 млн долларга барабар үч мүлк катталганы белгилүү болгон.

​2018-жылдан бери иштеп келаткан factcheck.kg сайты бир канча талаштуу маалыматтарга, окуяларга байланыштуу фактыларды иликтеп, ондогон макалаларды чыгарган. Андан тышкары сайттын адистери журналисттерге окууларды уюштуруп келатат.

Factcheck.kg - калп жана фейк маалыматтарга, коомдук пикирдин манипуляциясына, маалыматтарды бурмалоого каршы күрөшүүгө багытталган онлайн ресурс.

Анда иштеген журналисттер окурмандарга калыс маалыматты жеткирүү коомдук маанилүү жанылыктардын, эсеп жана бүтүмдөрдүн аныктыгын текшерип, түрдүү булактардан алынган маалыматтарды салыштырып, баалап, ушак, фейк маалыматтарга байма-бай мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгын жарыялап турат.

«Кыргызстанда медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча демилгелер» деген долбоордун алкагында «Сорос-Кыргызстан» фонду колдойт.

XS
SM
MD
LG