Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Гендердик теңсиздикти жоюу үчүн 100 жыл керек


Гендердик теңсиздик. Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы
Гендердик теңсиздик. Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

Дүйнөлүк гендердик ажырым индексине караганда, аялдар менен эркектер ортосундагы теңсиздикти жоюу үчүн дагы 99 жарым жыл керек.

Дүйнөлүк экономикалык форум даярдаган изилдөө 17-декабрда жарыяланды.

Эксперттер улуттук статистикалык маалыматтарга таянып, аялдар менен эркектердин мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин төрт параметр боюнча ченешет. Алар: экономикалык турмушка катышуу жана карьералык мүмкүнчүлүктөр, саясий укуктар, ден соолук менен жашоонун узактыгы жана билим алуу.

Быйыл адистер 153 өлкөдөгү абалды изилдеп чыгышкан. Орточо алганда аялдар бирдей кызматта, бирдей жумушту аткаруу үчүн эркектерден 40 пайыз аз акы алышат.

Гендердик теңдик боюнча биринчи үч орунда Исландия, Норвегия жана Финляндия жайгашкан. Акыркы орундарда Пакистан, Ирак жана Йемен турат.

XS
SM
MD
LG