Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:03

Бишкектин экс-мэрлерине жаңы жылга чейин өкүм чыгышы мүмкүн


Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов.

Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин райондук сотто кароо жаңы жылга чейин аякташы мүмкүн. Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев 20-декабрда же 23-декабрда өкүм чыгышы ыктымалдыгын "Азаттыкка" билдирди.

Ленин райондук сотунда 18-декабрда экс-мэрлерге байланыштуу соттун кезектеги отуруму болот. Анда жарыш сөз уланат.

Мамлекеттик айыптоо Ибраимовду 20, Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранган.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин айтып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып келишет.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG