Египетте Казакстандын элчилигинин кызматкери Еламан Жолдасов белгисиз жагдайда каза болгонун бир канча маалымат сайттары жазышты. Маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлиги да бышыктап, Египеттин прокуратурасы өлүмдүн чоо-жайын териштирип жатканын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү иликтөөгө катышуу үчүн Египетке кетишти.
Баштапкы маалыматтарга караганда, Жолдасовдун сөөгү 13-декабрда Каир шаарында жашаган үйүнүн кире беришинен табылган.