Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) уюмдун мурдагы президенти Йозефф Блаттер жана Европа футбол ассоциациясы союзунун (UEFA) мурдагы башчысы Мишел Платининин үстүнөн Швейцария сотуна арыз берди.
FIFA Блаттер сегиз жыл мурун Платининин банк эсебине которгон эки миллион долларды артка кайтарууну талап кылууда.
2015-жылы да ушул каражатка байланышкан жаңжалдын артынан Блаттер отставкага кетүүгө мажбур болгон.
FIFA жалпысынан 14 адамды коррупцияга айыптап жатат. Блаттер да, Платини да бир канча жолу суракка алынган, бирок расмий айып тагылган эмес.
Маалыматтарга караганда, жемкорлук жаңжалы Орусияда жана Катарда дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү менен байланыштуу. Бул эки мамлекет чемпионат өткөрүү укугун алуу үчүн пара берген деп шек саналууда.