Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Өзбекстанда жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн камоо жазасы жоюлат

Комил Алламжонов.
Комил Алламжонов.

Өзбекстанда мыйзамдан жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн эркинен ажыратуу жазасы каралган норманы алып салуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу өлкөнүн Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин башчысы Комил Алламжонов билдирди.

Анын айтымында, апта башында президент Шавкат Мирзиёев мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого арналган токтомго кол коюп, жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн эркинен ажыратуу жазасы каралган норманы алып салуу тапшырмасын берген.

Токтомго ылайык, Жогорку соттун пленуму сот системасына карата коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында журналисттер менен жарандардын ачык соттук угууларга катышуусу, ошондой эле соттордун басма сөз катчылары менен веб-сайттарынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу багытында иш алып барышы керек.

Мындан тышкары «Телерадиоберүү тууралуу» мыйзамдын долбоору даярдалып, «Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда. Анын алкагында теле жана радиоберүү станцияларына лицензия берүү жараянын жөнөкөйлөтүп, журналисттерди мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо системасын күчөтүү каралган.

XS
SM
MD
LG