Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Орусияда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан нефрит кармалды


Нефрит ташы. Иллюстрациялык сүрөт.
Нефрит ташы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Федерациясынын Алтай аймагында 20 тонналык ак жана жашыл нефрит ташын чек арадан мыйзамсыз алып өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги аталган өлкөнүн Сибирь бажы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянуу менен жазды.

- Казакстанга жана Кыргызстанга бараткан 50 млн. рублдик 20 тонна минералды шектүүлөр жүк ташуучу автоунаа менен Алтай аймагынын "Веселоярск" бекети аркылуу алып өтүүгө аракет кылышкан. Чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда товарды коштогон жасалма документтер көрсөтүлгөн, - деп айтылат кабарда.

Нефрит ташы Бурятияда казылып, Иркутск аймагында сакталган болушу мүмкүн деп айтылды. Ошол эле учурда анын мыйзамдуу казылганын жана ээлик укугун ырастаган документтери болгон эмес. Минералдык ташты ташып бараткан автоунаалар кармалып, тиешелүү жайга киргизилди. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG