Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Кыдырбаев Конституциялык палатанын судьялыгына шайланды


Кырккелди Кыдырбаев.
Кырккелди Кыдырбаев.

Кырккелди Кыдырбаев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды. 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында анын талапкерлигин 55 депутат колдоп, эки депутат «каршы» добуш берди. Анын талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Конституциялык палатанын судьялыгына жаңы шайланган Кыдырбаев парламентте ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал буга чейин президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматында иштеп келген.

Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Жети жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу буга чейин Эркинбек Мамыров, Мээргүл Борбукеева жана Мукамбет Касымалиев Конституциялык палатанын судьясы кызматынан алынган.

Мунун алдында судьялар Курмантай Абдиев жана Куанбек Киргизбаев жаш курагы чегине жеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулган. (BTo)

XS
SM
MD
LG