Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:44

Дастан Жумабеков Азербайжандын президенти менен жолугушту


Дастан Жумабеков жана Ильхам Алиев. Баку, Азербайжан.
Дастан Жумабеков жана Ильхам Алиев. Баку, Азербайжан.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баку шаарында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы карым-катыш жана парламенттер аралык кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жумабеков кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун Азербайжан элине жолдогон саламын айтып, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын IX пленардык жыйынын жемиштүү өткөрүп алышына тилектеш экенин билдирди.

Өз кезегинде президент Илхам Алиев боордош Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды, туризм жана маданият тармагындагы кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгоду.

Сүйлөшүү учурунда Баку-Бишкек түз аба каттамын ачуу, Бишкек шаарында Азербайжандын көмөгү менен жаңы мектеп куруу жана кыргыз-азербайжан достук паркын салуу сыяктуу бир катар долбоорлор тууралуу дагы пикир алмашуу орун алды.

Кыргыз парламентинин төрагасы баштаган парламенттик делегация Азербайжан Республикасынын Улуттук Мажлисинин Төрагасынын милдетин аткаруучу Октай Асадов менен да кездешти.

Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Бакуда 17-19-декабрда өтө турган ТүркПАнын жыйынына катышууда. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын IX пленардык отурумуна катышкан Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Салайдин Айдаров, Таабалды Тиллаев, Руслан Чойбеков, Илхом Маннанов, Эрмамат Тагаев, Тынчтык Шайназаров жана Садык Шер-Нияз бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG