Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Бишкекте сөз эркиндигин коргоо боюнча «REакция 2.0» акциясы өтүп жатат


Бишкекте өтүп жаткан акция.
Бишкекте өтүп жаткан акция.

Бүгүн, 18-декабрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2010-жылдын апрель окуясында курман болгондорго коюлган эстеликтин жанында «REакция 2.0» деген тынчтык митинги өтүп жатат.

Нааразылык акциясына чыккандар «Кыргызстандагы сөз эркиндигин, мыйзамдардын тебеленишине жана коррупцияга каршы» экенин билдиришүүдө.

Алар Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттер бир нече иликтөө жасап, мыйзамсыз иштерди ашкерелегенине карабай президент дагы деле факты талап кылып жатканын сынга алышууда.

25-ноябрда да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Анын катышуучулары «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген ураандарды чакырып, бийликтен коррупция менен күрөшүүнү, жемкорлорду камоону талап кылышты. Ар кандай маалыматтарда акцияга миңден, эки миң киши келгени кабарланган.

Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгы тынчтык митингине 400дөн ашуун адам чыкканын билдирген.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон.

Иликтөөлөрдү «24.kg» басылмасы да өз баракчасына жайгаштырган. Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Ушул эле соттук мекеменин судьясы Жылдыз Ибраимова 13-декабрда кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен эсептерди камактан чыгарган.(BTo)

XS
SM
MD
LG