Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Кыргызстанда жыл башынан бери 18 тонна мыйзамсыз баңгизат алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын 11 айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 944 кылмыш жана 183 жорук катталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын башчысы Олег Запольский Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Анын белгилешинче, жыл башынан бери жалпысынан 18 тонна 319 кг. 911 грамм мыйзамсыз баңгизат алынды. Кылмыштар үчүн 819 киши жоопкерчиликке тартылды.

ИИМдин 2016-2018-жылдагы статистикасында бир жыл ичинде кармалган баңгизаттар 14-19 тоннаны түзгөн. "Азаттык" радиосу Кыргызстандагы баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу каттамы боюнча быйыл жыл ортосунда кенен иликтөө жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG