18-декабрда Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-декабрда саат 11:30да Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери менен күч органдары сүйлөшүп жаткан учурда тажик тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын жарандары турган тарапка таш ыргыта баштаган. Аларга жооп катары кыргыз жарандары да таш ыргытып, Тажикстандын жарандарынын эки автоунаасынын алдыңкы терезелери сынган.
Ортодон 20 мүнөт өткөндөн кийин Тажикстан тараптан ок атылып, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин кызматкери жараат алды.
Тажикстандын бийлиги болсо кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун - айылдын имамы Содикбой Набиев менен окуучу Умедджон Сафаровду урганы үчүн чыр чыкканын айтууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты.
Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Мындан кийин кайым айтышуу башталып, таш ыргытууга өтүшкөн.
Натыйжада чек ара маселелери боюнча эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү токтотулду. Эки тарап тең жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусуна жөнөп кетти.
Ушул эле айылда 16-декабрда да Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо баштаган. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп, тараптар чатакташып кеткен.
Быйыл 16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.
Чырда кыргыз тараптан чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (BTo)