Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Factcheck.kg сайтына 16 мамлекеттен хакердик чабуул болду


Factcheck.kg иликтөөсүндө көрсөтүлгөн сүрөт
Factcheck.kg иликтөөсүндө көрсөтүлгөн сүрөт

Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгарган Factcheck.kg сайтына дагы деле хакердик чабуул болуп сайт азыркы тапта ачылбай калууда.

Factcheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров серверге 16 мамлекеттен чабуул болгонун, анын басымдуусу Кыргызстандан, Кытайдан, Орусиядан Тайиланддан жана Индонезиядан экенин билдирди.

- Азыр салыштырмалуу хакердик чабуул азайып калды. Чабуул Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова боюнча материал чыгып, эки саат өткөндөн кийин башталды. Андан сырткары биздин иликтөөнү чыгарган башка сайттарга да DDoS-чабуул болду, - деди Темиров.

Factcheck.kg сайтынын иликтөөсүн кайра баскан kaktus.media, economist.kg, pk.kg, vb.kg жана kloop.kg сайттарынын ишинде да кыйынчылык жаралды. Kloop басылмасы муну DDoS-чабуул экенин жазып, Кыргызстандын тарыхында бир канча басылма бир убакта мындай чабуулга биринчи жолу кабылганын билдирди.

DDoS-чабуул бул - сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу.

Иликтөө макалада Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбатсааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу маалыматтар камтылган.

Анда Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталып, иликтөөчүлөр алардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн сом тапканын гана көрсөткөн.

Чабуулга кабылган сайттар муну ушул макаладан кийин атайын жасалган деп божомолдошууда. Матраимовдордун үй-бүлөсү буга комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG