Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан алты киши жараат алды


Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалымат боюнча, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин ок жеген кызматкерине Баткен облустук ооруканасында операция жасалып жатат.

Андан тышкары Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Ошондой эле дагы төрт адам ар кандай жараат алды. Анын ичинен үчөө Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, бирөө жөнөкөй жаран. Чек ара кызматы аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери менен күч органдарынын сүйлөшүүсү жанданды. Буга чейин ок атууларга байланыштуу сүйлөшүү убактылуу токтотулган.

Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жана Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Баткен облусуна жөнөп кетти.

Кыргыз-тажик жарандары 18-декабрда 9:30 чамасында чырдашып, таш менен бири-бирин урушкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алган.

Тажикстандын бийлиги болсо кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун айылдын имамы менен окуучуну урганы үчүн чыр чыкканын айтууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты.

Тажикстандын бийлиги болсо кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун - айылдын имамы Содикбой Набиев менен окуучу Умедджон Сафаровду урганы үчүн чыр чыкканын айтууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты.

Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Мындан кийин кайым айтышуу башталып, таш ыргытууга өтүшкөн.

Ушул эле айылда 16-декабрда да Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен облусунун Көк-Таш айылында Тажикстандын жарандары тактала элек чек ара тилкесинде тосмону тосо баштаган. Буга нааразы болгон Кыргызстандын 30-40тай жараны чогулуп, тараптар чатакташа кеткен.

Быйыл 16-сентябрда кечке маал Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.

Чырда кыргыз тараптан чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG