Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Иманалиева: Кыргызстандын сайттарына хакердик чабуул уланып жатат


Кыргыз сайттарына жасалган хакердик чабуулду анализдөө. Негизги чабуул 17-декабрь, 16:00дөрдө башталган.
Кыргыз сайттарына жасалган хакердик чабуулду анализдөө. Негизги чабуул 17-декабрь, 16:00дөрдө башталган.

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фонду Кыргызстандын бир катар интернет басылмаларына жасалган кибер чабуулду изилдеп чыгып, ал дале уланып жатканын билдирди.

Мекеме тараткан билдирүүдө factcheck.kg, economist.kg, kloop.kg, kaktus.media, sokol.media, vb.kg, knews.kg, today.kg сайттарына чабуул Кытай, Орусия, Индонезия, Таиланд, Бразилия, Франциядан жасалганын, негизинен Кытайдан болгону айтылат. Мындан сырткары “Медиа өнүктүрүү борбору” коомдук фондуна караштуу medialaw.kg сайты да DdoS-чабуулга кабылган.

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» уюмунун өкүлү Айканыш Иманалиева “Азаттыкка” билдиргендей, ачык маалыматтарга таянуу менен хакердик кийлигишүүнүн булагы бир бот-тармак. Ал ошондой эле чабуулдар азыр да уланып жатканын кошумчалады.

Мунун алдында Factcheck.kg басылмасынын редактору Болот Темиров серверге 16 мамлекеттен чабуул болгонун билдирген. Ал сайт азыр да ачылбай жатканын айткан.

Factcheck.kg сайты 17-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана алардын уулунун кымбат сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрүндөгү буюмдарынын баасы такталып, иликтөөчүлөр алардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн сом тапканын гана көрсөткөн.

Ушул эле күнү кечинде Factcheck.kg жана анын макаласын кайрадан баскан сайттар хакердик чабуулга кабылып, көбү иштебей калган. Алардын айрымдары 18-декабрда таңга жуук кайра ачылды.

Kloop басылмасы муну DDoS-чабуул экенин жазып, Кыргызстандын тарыхында бир канча басылма бир убакта мындай чабуулга биринчи жолу кабылганын билдирди. Чабуулга кабылган сайттар муну ушул макаладан кийин атайын жасалган деп божомолдошууда. Матраимовдордун үй-бүлөсү буга комментарий бере элек.

DDoS-чабуул бул - сайтты бузуу үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен аракет кылуу. (ErN)

XS
SM
MD
LG