Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Тасмагамбетов Москвадагы элчи кызматынан бошотулду


Тасмагамбетов коргоо министри кезинде. 2016-жыл
Тасмагамбетов коргоо министри кезинде. 2016-жыл

Казакстандын Орусиядагы элчиси Имангали Тасмагамбетов «пенсия курагына жеткендиктен» кызматынан бошотулду. Бул тууралуу шаршембиде казак президентинин кеңсеси билдирди.

Тасмагамбетов 9-декабрда 63 жашка толду. Нурсултан Назарбаевдин эски үзөңгүлөшү, ар кайсы жылдарда премьер-министр, коргоо министри, ал кездеги борбор шаар Алматынын акими, администрация башчысы кызматтарын ээлеген. Москвага элчи болуп 2017-жылдын башында дайындалган. Жетекчини Назарбаевдин ыктымал мураскери деп атап жүрүштү. Бирок мартта кызматынан кеткенде президент башка жакын адамы Касым-Жомарт Токаевди бийликке алып келди.

Тасмагамбетовдун аты бир катар жаңжалдарга байланыштуу аталып жүрдү. Күйөө баласы Кенес Ракившевдин байлыгын казакстандык "Forbes" журналы 610 миллион долларга баалаган.

XS
SM
MD
LG