Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Адвокат Токтакунов коркутууга кабылганын айтып чыкты


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси, адвокат Нурбек Токтакунов ага карата коркутуу болгонун билдирди. Анын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, 18-декабрда Бишкекте өткөн «REакция 2.0» деген тынчтык митингинин алдында ага белгисиз адам телефон чалып «Митингге барба, мурда да сага эскертүү бергенбиз» деп айткан. Кийин ошол номерге чалганда ал иштебей калган.

Токтакунов буга чейин да коркутуп-үркүтүүлөр болуп, Кыргызстандан чыгып кетүү сунушталганын кошумчалады. Ошондой эле айдоочусуна да кол салуу болгонун, ишти Ленин райондук милициясы териштирип жатканын билдирди.

Андан тышкары «Прецедент» укуктук тобунун кызматкерлери, жактоочулар Замир Жоошев менен Бакытбек Автандил уулу Аскер прокуратурасына суракка чакырылып жатканын айтты. Аты аталган эки адвокат чакыруу кагазын социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.

«Прецеденттин» кызматкерлери сотто жактоочу катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарынын кызыкчылыгын коргоп жатат.

Күч кызматкерлери Токтакунов айтып жаткан коркутуулар жөнүндө, адвокаттар Аскер прокуратурасына кайсы иш боюнча чакырылып жатканы тууралуу маалымат бере элек. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG