Индиянын Жогорку соту январда жарандык жөнүндө жаңы мыйзам Конституцияга шайкеш келбейт деген арыздарды карайт. Мыйзамга каршы болгондор өткөн жумадан бери көчөлөргө чыгып нааразылыгын билдирип келатышат. Полиция менен кагылышууларда беш киши өлгөнү кабарланган. Жаңы жобого ылайык, Бангладештен, Пакистандан жана Ооганстандан келген мусулман эместерге жарандык жеңилдетилген шартта берилмекчи.
Нааразылыкка чыккандардын бир бөлүгү бул мыйзам мусулмандардын укугун чектеп, аларды обочодо калтырып коёт деп эсептейт. Башкалары документ миграциянын агымын күчөтөт деп нааразы болуп жатышат.
Индияда 200 миллионго чукул адам ислам динин карманат. Оппоненттер бул мыйзамды премьер-министр Нарендра Модинин инду улутундагыларга артыкчылык берген саясатынын бир бөлүгү катары эсептешет. Бирок Модинин башкаруудагы партиясы бул документ диний "куугунтуктан" качкандарга гана башкалка берүүнү көздөрүн билдирүүдө.
17-декабрда тарапташтарына кайрылган премьер-министр "мыйзам кайсы динди тутпасын, өлкө жарандарына таасир этпейт" деди. Маалыматтарга караганда, шаршембиде бийлик Делинин негизинен мусулмандар байырлаган конушунда жыйындарды өткөрүүнү чектеди жана Ассам штатында коменданттык саат киргизди.