Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Пакистанда эмдөөгө катышкан эки полиция кызматкерин өлтүрүп кетишти


Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө. Пешавар, 16-декабрь 2019-жыл
Балдардын шал оорусуна каршы эмдөө. Пешавар, 16-декабрь 2019-жыл

Пакистанда талиб согушкерлери балдарды шал оорусуна каршы эмдеген кызматкерлерди коштоп жүргөн эки тартип коргоочуну атып кетишти. Жергиликтүү полициянын өкүлү окуя 18-декабрда Хайбер-Пахтунхва чөлкөмүндө болгонун, кол салгандарды издеп жатышканын маалымдады.

Пакистандагы "Талибан" кыймылынын басма сөз өкүлү чабуулдун артында алар турганын билдирди. Талибдер эмдөө балдарды тукумсуз кылууну көздөйт деп буга чейин да өнөктүккө катышкан кызматкерлерге кол салып келишкен. Пакистан бул жугуштуу кооптуу илдет жайылган сейрек өлкөлөрдүн бири.

Беш күндүк эмдөө иштери апта башында башталган. Анын жүрүшүндө беш жашка толо элек 39 миллион баланы вакцинациядан өткөрүү каралган. Быйыл Пакистанда оорунун 103 учуру катталган.

XS
SM
MD
LG