Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Чыр чыккан айылда эки тараптын облус башчылары жолугушту


Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Кыргызстандын Көк-Таш айылында кездешти.
Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода Кыргызстандын Көк-Таш айылында кездешти.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кездешти. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан кабарлашты.

Тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштөө керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштү. Облус башчылары чек аралаш аймакта абалды турукташтыруу, катталып жаткан чыр- чатактарды болтурбоо жана чыгуу себептерин аныктоо, жоюу боюнча сөз кылышты.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров муну менен катар Көк-Таш айылынын эли менен да жолугушту. Ал бир нече талапты койгон калкка ар бир окуя эки тараптуу, дыкат иликтенип тийиштүү чаралар көрүлөрүн, жабыркагандарга жардамдар берилерин убада кылды.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жайкын тургун бар.

Кыргыз-тажик жарандары 18-декабрда 9:30 чамасында чырдашып, таш менен бири-бирин урушкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

"Азаттыктын" тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар эки тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG