Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:23

Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыялоону колго салуу үчүн чогулду


Өкүлдөр палатасынын импичмент тууралуу резолюциясынын көчүрмөсү. 12-декабрь, 2019-жыл
Өкүлдөр палатасынын импичмент тууралуу резолюциясынын көчүрмөсү. 12-декабрь, 2019-жыл

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселесин талкуулап, добуш берүү үчүн чогулду. Демократтар көзөмөлдөгөн палата президент Украинага аскердик жардам берүүнү жеке кызыкчылыгына байлап кызматынан кыянат пайдаланган жана Конгресстин ишине тоскоолдук кылган деген эки айыпты жактырат деп күтүлүүдө. Андан ары документ республикачылар үстөмдүк кылган Сенатка жөнөтүлмөкчү. Сенат президентти кызматтан четтетип же четтетпөөнү чечет. Байкоочулар импичменттин жактоочулары керектүү сандагы добуш ала алышпайт деп болжолдошот.

17-декабрда президент Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге алты баракка жазылган кат жолдоп, демократтардын жетекчилигин “америкалык демократияга каршы ачык согуш жүргүзүп жатат” деп күнөөлөдү. Импичмент маселеси козголо баштагандан бери Трамп “төңкөрүш аракети” көрүлүп жатканын айтып келет.

Спикер мыйзам чыгаруучуларга кайрылып, “Конституцияны коргоо антын аткарууга тийишпиз” деп үндөдү.

АКШ тарыхында бул - ушундай үчүнчү добуш берүү. Өкүлдөр палатасы 1998-жылы Билл Клинтонго, 1868-жылы Эндрю Жонсонго импичмент жарыялоону колдогон. Бирок Сенат сунушту жактырган эмес.

1974-жылы Ричард Никсон импичмент процесси колго салууга жете электе кызматынан кеткен.

XS
SM
MD
LG