Пакистан бийлиги айыпталуучуга “адилеттүү сотко” укук берилген эмес деп мурдагы аскердик жетекчи Первез Мушаррафтын өлүм жазасына каршы чыкты. 76 жаштагы мурдагы президент ушу тапта бозгунда Дубайда жашап жүрөт. Пакистандын башкы прокурору Анвар Мансур Хан өкмөт “кайсы бир адамды эмес, мыйзамды коргойт” деп 17-декабрда билдирди.
Премьер-министр Имран Хан шаршембиде "Техрик-и Инсаф" партиясынын чукул жыйынын өткөрүп, Мушаррафтын өкүмүн талкуулоого чакырды.
Атайын сот өлкөнү 1999-2008-жылдары башкарып келген генералды өлүм жазасына өкүм кылган. Ага 2007-жылы Конституцияны токтотуу менен чыккынчылык кылган деген айып тагылган. Айдын башында ооруканадан тартылган видеодо Мушарраф бул ишти “негизсиз” деп атаган.
Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлү Омар Варайх Пакистандагы “кубаттуу генералдардын жазасыз калып жаткан доордун аякташын” кубаттады.
Бириккен Араб Эмирликтери менен Пакистан ортосунда экстрадиция тууралуу келишим бар. Бирок Мушаррафты мекенине жөнөтүүнү сурашабы же жокпу, белгисиз.