Израилдин 50гө жакын жараны Орусияга кирип жаткан кезде Москвадагы аэропорттордон өткөрүлгөн жок. Болжол менен 40 киши "Домодедово", сегиз чамалуусу "Шереметьево" аба майданында ушундай көйгөйгө туш болгону кабарланууда.
"The Jerusalem Post" басылмасынын маалыматына караганда, он киши чек ара көзөмөл жайында алты сааттай турушкан. Айрымдарын кийинчерээк коё беришкен.
Бул тууралуу орусиялык айрым басылмалар 17-декабрда жазышкан. "Коммерсанттын" маалыматына караганда, чек арачылар алардан виза сурашкан. Израил элчилиги да муну бышыктады. Бирок эки өлкө ортосунда 2008-жылдан бери визасыз режим иштейт.
Орусиянын Тель-Авивдеги элчилиги "Интерфакска" билдиргендей, Израил 2019-жылдын башынан бери беш жарым миңдей орусиялык туристке виза бербей койгон. Орусияда израилдиктердин кармалышы ушуга жооп болушу мүмкүнбү же жокпу, анык эмес.
Израил виза бербей койгон беш жарым миң орусиялыктан үч миңи баш баанек алууну көздөгөнү, эки миңи жумуш табуу максатында баратканы аныкталган. Бул маалыматты Израилдин 13-телеканалынын кабарчысы Барак Равид жогорку мартабалуу чиновникке таянып билдирди.