Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Украинада депутаттык кол тийбестик жоюлду


Украина парламентинен тартылган сүрөт.
Украина парламентинен тартылган сүрөт.

Украинанын Жогорку Радасы экинчи окууда депутаттык кол тийбестикти жоюу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоору үчүн 291 депутат “макул” деген добуш берди. Документ 2020-жылы 1-январда күчүнө кирет. Бул президент Владимир Зеленский менен анын “Эл кызматчысы” партиясынын шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири болгон. Президент мыйзам коррупцияга малынган депутаттарга кылмыш ишин козгоону жеңилдетерин айткан.

Мыйзамды “Европа тилектештиги”, "Батькивщина" жана "Добуш" фракцияларынан бир дагы депутат колдогон жок.

Мыйзамга ылайык, Украина Конституциясындагы “парламентарийлер депутаттык кол тийбестикке ээ, аларды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт” деген эреже алып салынат. Мындан ары коррупцияга шек саналган депутаттарга каршы тергөө амалдарын баштоого жана камоого башкы прокурор уруксат берет.

Бул арада “Европа тилектештиги” партиясынын депутаты Алексей Гончаренко башкы прокурорго мындай ири ыйгарым укук берүү саясий жана коррупциялык тобокелдиктерди жаратарын белгилөөдө.

Былтыр ”Transparency International” уюмунун коррупцияны кабылдоо индексинде - Украина 180 өлкөнүн ичинен 120-орунга жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG